Nokia 5000 - Сертификация маалыматы (SAR)

background image

Сертификация маалыматы (SAR)

БУЛ МОБИЛДИК АППАРАТ РАДИО ТОЛКУНДАРЫНЫН ТААСИРИ МЕНЕН

БАЙЛАНЫШКАН ЖОЛДОМОЛОРДУН ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРЕТ.
Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана кабыл алгыч. Ал эл аралык

колдонмолордун радио толкундарынын таасиринин чектен ашпоосу жөнүндө

сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгарылган. Бул колдонмолор ICNIRP көз

каранды эмес илимий уюму тарабынан түзүлүп, баардык жаштагы жана ден

соолук абалындагы адамдарды сактоо үчүн коопсуздук чектерин камтыйт.
Зымсыз аппараттардын таасири боюнча колдонмолор Салыштырма Сиңме Чен

(SAR) аттуу өлчөө бирдигин пайдаланат. ICNIRP тарабынан аныкталган SAR

чектөөсү 10 грамм дене тканына орточо 2,0 Ватт/ килограммга (В/кг) барабар.

SAR боюнча текшерүүлер баардык жыштыктарда эң жогорку

сертификацияланган кубаттулукта, стандартту колдонуу калыбында иштеген

аппарат үчүн жүргүзүлгөн. Иш жүзүндө апараттын SAR деңгээли максималдык

чектен төмөн болушу мүмкүн, анткени аппарат тармак менен байланышууга

жетиштүү кубаттуулукту гана пайдаланып иштейт. Бул деңгээл тармактык

базалык станцияга чейинки аралык сыяктуу бир нече факторлордон көз

каранды. ICNIRP иштеп чыккан колдонмолорда көрсөтүлгөн кулака жакын

кармалган аппараттын жол берилген эң жогорку SAR деңгээли 0,86 Вт/кг .
Аппаратка кошумча жабдыктарды колдонуу SAR деңгээлинин ар кандай

маанисине алып келиши мүмкүн. SAR деңгээлинин мааниси улуттук отчет жана

текшерүү талаптарына жана тармакта колдонулуучу жыштыкка жараша

өзгөрүүсү мүмкүн. SAR жөнүндө кошумча маалыматты www.nokia.com продукт

жөнүндө маалымат бөлүмөндө тапса болот.

Кошумча коопсуздук маалымат

© 2008 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

36