Nokia 5000 - Батарейка жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат

background image

Батарейка жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө

маалымат

Сиздин аппаратыңыз кайра заряддоого болгон батарейка тарабынан энергия

менен камсыз кылынат. Бул аппарат менен иштетүүгө бекитилген батарейка

төмөнкүлөрдөн BL-4B болот. Nokia бул аппаратка ылайыгы келген батарейканын

дагы башка модельдерин жаратышы мүмкүн. Бул аппарат төмөнкү заряддоо

түзүлүштөрдөн зарядын толуктандырып иштетүүгө бекитилген: AC-3 .

Заряддагыч модельдин так номери сайгычтын түрүнө карата өзгөрүлүп бериши

мүмкүн. Штепсельдин түрү төмөнкүлөрдүн бири менен аныкталат: E, EB, X, AR,

U, A, C, UB.
Батарейка жүздөгөн жолу кайра заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын иштөө

ресурсу түгөнөт. Эгер сүйлөшүү жана күтүү убактылары демейдекисинен

кыскарганы байкалса, батарейканы алмаштырыңыз. Nokia тарабынан жол

берилген батарейкаларды пайдаланыңыз жана батарейканы Nokia тарабынан

жол берилген, ушул аппарат үчүн ылайыкталган түзүлүштөр менен гана

заряддаңыз. Көрсөтүлбөгөн батарейка же заряддоо түзүлүшүн колдонуу от

чыгуу, жарылуу, батарейканын ичиндеги суюктуктуктун агуусу жана башка

коркунучу менен аякталышы мүмкүн.
Эгер батарейка жаңыдан иштетилсе болсо же көптөн бери иштетилбей калган

болсо, заряддоо башталгандан мурда заряддагыч түзүлүштү туташтырып,

ажыратып жана кайрадан кошуу аракеттер жасалышы керек. Эгерде

батарейканын заряды толук түгөнгөн болсо, заряд деңгээлин көрсөткүчү экранда

пайда болгонго чейин же чакырууларды жасоого мүмкүн болгонго чейин бир нече

минут талап кылынышы мүмкүн.
Батарейканы алуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөсүнөн ажыратып,

аппаратты өчүрүү керек.
Заряддагыч түзүлүштү колдонулбаган убакта электр розеткасынан жана

аппараттан ажыратып коюңуз. Толугу менен заряддалган батарейканы

заряддагыч түзүлүшкө кошулган боюнча таштап койбоңуз, анткени ашыкча

© 2008 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

29

background image

заряддоо батарейканын колдонуу убактысы кыскартып коет. Колдонулбаса деле

толук заряддалган батарейка убакыттын өтүшү менен зарядын жоготот.
Батарейканы дайыма 15°C жана 25°C (59°F жана 77°F) температуранын

аралыгында сактаңыз. Адаттан тыш температуралар батарейканын жөндөмүн

жана колдонуу убактысын кыскартат. Аппараттын батарейкасы ысык же муздак

болсо, ал иштеп баштаганга чейин белгилүү арадагы убакыт өтөт. Батарейканын

иштөөсү өзгөчө тоңуу температурага жетээр-жетпес убагында чектелет.
Батарейканын кыска туташуусуна жол бербеңиз. Кокустан кыска туташуулар

монета, кагаз бекиткич, калемсап сыяктуу металл буюмдар батарейканын оң (+)

жана терс (-) терминалдарын түз бириктирүүгө себеп болгондо чыгып калат.

(Терминалдар батарейкада металл сызыктар түрүндө болот.) Мындай

кокустуктар сиз, мисал үчүн, пайдаланбаган батарейканы чөнтөктө же капчыкта

алып жүргөнүңүздө чыгат. Терминалдардын кыска туташуусу батарейкага же

тийген буюмга зыян кылышы мүмкүн.
Батарейканы отко ыргытпаңыз, анткени ал жарылышы мүмкүн. Батарейка зыян

тарткан учурда да, жарылышы мүмкүн. Батарейканы жергиликтүү эрежелерге

жараша жок кылыңыз. Кайрадан иштетүү мүмкүнчүлүктөн пайдаланыңыз.

Кадимки үй чарба таштандысы менен кошо ыргытпаңыз.
Батарейка же анын элементтерин камтыган тышын ачып, аларды бөлүп чыгарып,

кесип, ачып, жанчып, бүгүп же сайып болбоңуз. Батарейкадан суюктук агып

калганда, аны териге же көзгө түшүүгө жол бербеңиз. Эгер андай кокустук орун

алса, териңизди же көздөрүңүздү аккан сууга жууп, же медициналык жардам

сураңыз.
Батарейканын турпатын өзгөртүп, кайрадан жасоо аракет менен ичине анын

түзүлүшүнө чоочун нерселерди киргизбеңиз да, жана сууга салып, суу же башка

суюктарда калтырбаңыз.
Батарейканы туура эмес колдонуу от чыгуу, жарылуу жана башка коркунучту

алып келиши мүмкүн. Эгер аспабыңыз же батарейкаңызды жерге, айрыкча катуу

тегиздикте түшүрүп алсаңыз жана батарейканын соо калганына күнөм болсоңуз,

аны кайра пайдалануудан мурда тейлөө кызматына жарамдуулугун текшерүүгө

алпарыңыз.
Батарейканы көрсөтүлгөн максат менен гана колдонуңуз. Иштен чыккан зарядоо

бөлүкчөнү же батарейканы эч качан колдонбоңуз. Аларды кичинекей балдардан

алыс кармаңыз.